мунар2

китептерде 59 жолу, 7 китепте мунар 3 →
  1. Күңүрт, бозомук тарткан аба, мунарык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Салбыр чыкты аттанып, / Каңгайдан келген калмактар, / Бактыбайды алат, деп, / Батпай турат шаттанып, / Чыкканда Салбыр бастырып, / Барча тоодой көрүнүп, / Бойу мунар көрүнүп, / Колу чынар көрүнүп, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…/ Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Кара бойу бүт темир, / Күн чагылып жалты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эртең хандар келет деп, / Эл күтүнүп турганда, / Суусамырдын белинен, / Дүркүрөгөн чаң чыгат, / Асманда мунар буу чыгат, / Будургуган булуттай, / Ак асаба туу чыгат, / Алдынан тосуп караса, / Коркуп калган Кокондук, / Аргымагын кекейтип, / Көк кебичин тепейтип, / Жүргө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ал аңгыча болбоду, / Асмандан мунар буу чыкты, / Үч-Кошойдун бөксөдөн, / Көк жаңырган чуу чыкты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Экинчи чыкпачудай мунарып батып бараткан күн ого бетер таасирленип алда кайдагы өткөн күндөр эске түшүп, дүйнө бир пулдук көрүнүп, өмүрүм түштөй элестеп, алдымда бирдемелер каршы туруп алгандай болор эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →