мулуңда

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Мулуң-мулуң этүү, мулуң-мулуң эткен көрүнүштө болуу; кудуңдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көрдүңбү деп, баланды, / Сураганы андан көп, / Өйдө-төмөн чапкылап, / Чубаганы мындан көп, / Кулагы жок жыпжылма, / Мулуңдаган андан көп, / Жулунуп сакал, муруту, / Жулжуңдаган мындан көп, / Жаагынан каны куйулуп, / Тамчылаган андан көп, / Жарам жаман, өлдү деп, / Зыркыраган мындан көп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мышык келди кыкырап, / Кабааган иттер ыркырап, / Түлкү келди кылыңдап, / Кашкулак жүрөт мулуңдап, / Чөөлөр келди каткырып, / Сыйкыр менен желмогуз, / Жер-жаандын баарысын, / Айбанатка бастырып, / Топону көккө сапырып, / Айууга ийин каздырып, / Көрсөтмөк элге болду эле, / Көп сыйкырын наз кылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →