мулук
- Дүмбөсү гана бар, түбү гана калган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кулагын кесип кай бирөөн, / Мулук кылды молтойтуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Буту сынган төкөр көп, / Колу сынган чолок көп, / Кулагы жок мулук көп, / Тил сүйлөбөс дудук көп, / Көзү аккан сокур көп, / Бели сынган бүкүр көп, / Жал-жал тиктеп жаткан көп, / Жаны чыкпай аткан көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бура тартса мулт этип, / Мулугуң бардыр бириңдин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ачка болсун, ток болсун, / Дүмпөр болсун, шок болсун, / Колу жок болсун чолоңдоп, / Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбаттуу, / Сындуу болсун сымбаттуу, / Учкул болсун к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
— Күндө бир убак ысык ууртабасам бүткөн боюм курушуп туруп алат,— деп Элебес күндөгү маалында, мулук кара кумганга чай кайнаттырып алып, ичип олтурган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →