мулуй

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Сакал-муруту, мүйүзү жок көрүнүштө болуу; дүмүрөйгөн көрүнүштө болуу.
  2. Унчукпай кылтыйган көрүнүштө болуу, өзүнчө бир нерсеге муюгандай кебетеде болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бактыбайдай баатырга, / Кирип келди ал Салбыр, / Тул катындай жулунуп, / Башында туулга алты кат, / Көп-көк болуп тулуйуп, / Анык күүсү кара бет, / Сакалы жок мулуйуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бир колу бар, бири жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Бир буту бар, бири жок, / Опасы жок дүйнө бок, / Денеси калып башы жок, / Теңи калып, теңи жок, / Кулагы жок мулуйган, / Бузулуп мурду бучуйган, / Көзү чыгып олойгон, / Башы жок мойун коройгон, / Өлүп жаткан эрди көр, / Жуушаган койдой торойгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жошологон желектей, / Башы турат чулуйуп, / Шишик басып кетиптир, / Кулагы жок мулуйуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ — Укпайсынбы кебимди, / Унчукпайсың мулуйуп, / Такыр табам эбиңди! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Туулгасы мулуйуп, / Тиктеп калып дулуйуп, / Мойнун толгоп чулуйуп, / Каңгайга берди бир буйрук: / — Калың кошуун ат кой! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →