мултуңда

китептерде 6 жолу, 2 китепте
  1. Мултуң-мултуң этүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Эки күн өрүн алган соң, / Ардыгы анын чыккан соң, / Кайкалай басып калтаңдап, / Жаш баладай мултуңдап, / Кара хандын үстүнө, / Кирип барды чултуңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ал үйдөгү бардык эл, / Салам айтып салыптыр, / Кара хан турат кулжуңдап, / Карап койбой мулжуңдап, / Ого бетер Жакып хан, / Бара түшүп чукулдап, / Сөз баштады мултуңдап: / — Алдыңа келдим, Карахан, / Айтар эки сөзүм бар, / Тындырып санаа жолго сал, / Сенин да кылаар ишиң бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жылан болуп жыйрылып, / Жерде сойлойт сыйрылып, / Чычкан болуп бултулдап, / Качууну билет мултуңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сурандыктын Алмамбет, / Соо койчунун бири эмес” / Ичинде түлкү муну деп, / Бура тартып мултуңдап, / Кумга түштү култуңдап, / Кууп келет Алмамбет, / Артынан топо буртулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Сейитини жеңер, деп, / Жеңилип калса Сейиттен / Амалым менин кетер, деп / Кош эмесе, деп койуп, / Жүрүп кетти шуртулдап, / Ачып көздү жумгунча, / Кирип келди мултуңдап, / Кыйналганын сездирип, / Тапан ханга чултуңдап: / — Кадырлуу хан, сен, деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →