мултуй
- Мулжуйган, дүмүрөйгөн, кичине чети чыгып, көрүнүп турган көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Коросондун Салаасы, / Испандан Тете кошулуп, / Асыл менен алышып, / Каны агып жошулуп, / Заманды, Жоомарт, Буйтуна, / Хан Сакычак, Илебин – / Беш баатыр өлүп мултуйуп, / Көкбөрүгө кошулду, / Кылмышкер болуп култуйуп, / Олтурган экен Көкбөрү, / Көгөрүп бети тултуйуп, / Кабагын ачпай бүркөлүп, / Кар жаачу күндөй чүмкөлүп, / Ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мас болгон нардай кеңгиреп, / Этек-жеңи делбиреп, / Бадирек турат тултуйуп, / Туулгасы тумтуйуп, / Сакалы жок мултуйуп, / Ачып көзүн каранып, / Эрди-мурдун жаланып, / Төбөсүндө чыккан чач, / Үрпөйүп бирден саналып, / Жайылданып кара жүз, / Ого бетер карарып, / Найзасы жок кур к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Орой ачар кейпи жок, / Оң-тескери кумтунуп, / Көр Көбөш турат мултуйуп, / Абыке элди башкарып, / Конокту бөлүп алышып, / Бээни коондой жарышып, / Бай Жакыпты баш кылып, / Байбиче үйгө чакырып, / Бар кеңешин бүтүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Нары кетип толгонуп, / Бери кетип мулжуйуп, / Сакал-мурут такыр жок, / Кемпир ээк мултуйуп, / Тайак жеген катындай, / Далайгача Тапан хан, / Унчукпай калды тултуйуп, / Аңгычакты желмогуз, / Басып келди кумтунуп, / Кер сары тартып сумсайып, / Бузулуп …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айтып болуп мөндүрү, / Ойуна албайт өлүмдү, / Чөмөрүп туулга томпойуп, / Туурасы жоон, бойу пас, / Оройу суук култуйуп, / Сакалы жок ээгинде, / Караса башка мултуйуп, / Түк чыкпаган дегеле, / Эки бети тултуйуп, / Аркасын карай бурулуп, / Баш бербеди жулунуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →