мулжуңда

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Мулжуң-мулжуң этүү, мулжуң-мулжуң эткен көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

– деп, / Алдын тосуп сурады, / Куучудай болуп кубулуп, / Кулжуңдаган Көкбөрү, / Сакалы жок ээгинде, / Мулжуңдаган Көкбөрү, / Мойну бүкүр дүм далы, / Култуңдаган Көкбөрү, / Өзүнүн кебин эп көргөн, / Чултуңдаган Көкбөрү: / — Карбалас бара жатканда, / Капташып кара талаада, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жаатташып урушуп, / Жаак айрышып жүрбөсүн, / Эки уул энчи талашып, / Мал айрышып жүрбөсүн, / Куру намыс талашып, / Кулжуңдашып жүрбөсүн, / Сенден кантип калам деп, / Мулжуңдашып жүрбөсүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…нды кууп жетели, / Кыргызга тийбей жүрүшкө, / Ачакандын тилинен, / Тилкат алып кетели, / Коржоңдосо тил албай, / Кулжуңдаша кетели, / Оттогон койон ээктенип, / Мулжуңдаша кетели, / Батышпаган уруудай, / Жулжуңдаша кетели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Манжулардын Нескара, / Котур төөдөй коржоңдоп, / Кулжуңдаган эме экен, / Которуп акыл көп ойлоп, / Жулжуңдаган эме экен, / Сакалы жок, чолок ээк, / Мулжуңдаган эме экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…улган борборго, / Ээрчитип Төлөк баланы, / Бай Жакып кийрип барыптыр, / Ал үйдөгү бардык эл, / Салам айтып салыптыр, / Кара хан турат кулжуңдап, / Карап койбой мулжуңдап, / Ого бетер Жакып хан, / Бара түшүп чукулдап, / Сөз баштады мултуңдап: / — Алдыңа келдим, Карахан, / Айтар эки сөзүм бар, / Тындырып санаа жолго сал, / Сенин … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →