мулжуй

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Сакал-муруту жок көрүнүштө болуу, дүмүрөйгөн көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бактыбай деген кепти угуп, / Жаманбайдын көөн тынып, / Сакалы жок немеле, / Кененимдин үстүнө, / Кирип барды мулжуйуп, / Сүйүнгөндөн Жаманбай, / Саламды калган унутуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Каршы келсе адамга, / Как жүрөктөн тутат, дейт, / Кара ташты чайнаса, / Жумшаган нандай жутат, — дейт, / Кайгоолу деген жана бар, / Бир жагында канат бар, / Бир жагына карасаң, / Канаты жок мулжуйган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Нары кетип толгонуп, / Бери кетип мулжуйуп, / Сакал-мурут такыр жок, / Кемпир ээк мултуйуп, / Тайак жеген катындай, / Далайгача Тапан хан, / Унчукпай калды тултуйуп, / Аңгычакты желмогуз, / Басып келди … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →