мукам

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Кулакка жагымдуу, уккулуктуу ритм.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Агеркеч Көкчө жар экен, / Акылга мукам жан экен, / Агеркечке жумушкер, / Куйту күң деген бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайтарына калганда, / Каада билген Акун хан, / Кабар кылып калкына, / Мыктынын баарын жыйнатып, / Мукамчысын ылгатып, / Сап жакшыны, Манасты, / Салтанаттап ырдатып, / Арагын куйуп токтотуп, / Албан түрдүү дуулатып, / Уй мүйүз тартып олтуруп, / Эркинче элди чуулантып, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
– Макул, – деп чал ар күнү кийиктен келгенде комузун колуна алып, ар кандай мукам күүлөрдү кубулжута сайратып черткенде булбул тыңшап, анын күүлөрүн туураганга тили жатыга баштап, аздан-аздан үйрөнүп кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам-мукам чыгарып укмуш сайрады, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктанн ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Атам кан эле, бир мукам сайраган булбулдун үнүнө ашык болуп калып, ошол булбулду таап келгин деп жиберди эле, мен ошол булбулду издеп жүрөмүн, – деп кызга чын сырын айтат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →