муздак
- Температурасы төмөн, бир аз суук, шыргалаң.
- Салкын.
- Сууп калган, сууган, муздап калган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Муздак суу сээп бетине, / Койтолоңду кобор, деп, / Буйрук кылды Бактыбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арзан эмес кан Бакай, / Бармактай тамак таттырбай, / Эс алган сайын баатырга, / Муздак суудан ууртатып, / Кылт дедирип жуткуруп, / Жел киргизбей кумтушуп, / Каныкей качан келет деп, / Белес жакка көз түрүп, / Бир түндү араң өткөрдү, / Кирпик какпай олтуруп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жаш жолборс ирмеп көз ачып, / Атанын сырын билген эр, / Ак жеринен сөз айтып: / — Ташкелте огу жаңылып / Өлдүм өзүм, — деп айтып, / Ошондон башка кеби жок / Көзү жашыл күүгүмдөп, / Кетип барат кубарып, / Муздак тер чыгып маңдайдан, / Таноолору кысылып, / Болбой калды бузулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жылуу менен муздактын, / Ортосунда мелүүндөн, / Сегиз чара суу ичти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Башы муздак аппак тоо, / Айагы аска бийик зоо, / Баш-айагы үч күндүк, / Байкап кара, коо ошо, / Адамзат басып бара албайт, / Туйуктөр деген кеп ошо, / Ак сакалдуу боз атча…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →