музда
- Сууп калуу, муздак болуп калуу.
- Үшүү, үшүп кетүү.
- Тоңуу, тоңуп калуу, муз болуп катуу.
- өт. Көңүлү сууй түшүү, көңүлү кайтуу, Мурунку курут үчүн ысыган боюм суу сепкендей муздады (Жантөшев).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бетин ачып шыкаалап, / Баласын байкап караса, / Жан үзүп койгон немедей / Эти муздап кетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Деп Дабытай айтканда, / Карап калып делейип, / Муздагандай селейип, / Сакалдары бириндеп, / Муруттары тиктейип, / Атам эмес Сарыбай, / Башка болчу дей албай, / Кара жанга күч келип, / Белге чапкан жыландай, / Ичке ийри…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кызыган бойу муздаса, / Кызыккан жоону алабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Балта менен башка чаап, / Үн угулат бака-бак, / Доошу чыгат жарактын, / Кагылышып чака-чак, / Кулак тунуп мээ кайнайт, / Болуп жатат шака-шак, / Музда келе жаткандай, / Ат дабырты така-так, / Түгөтө кырып болдум, деп, / Эр Сейити караса, / Бири да өлбөң миң киши, / Баары турат сапа-сак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жөө кетели барыбыз, / Көп болду казак чыгымы, / Элүү миң аттуу аскердин, / Музбурчактын Аккубак, / Качып кеткен жапанды, / Табабыз — деп, — кубалап, / Күндү жайлап дубалап, / Муздатып жолго салды эчак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →