моюн
- Денени, тула бойду баш менен бириктирип турган бөлүгү.
- Идиштердин ооз жагына жакын ичкерээк келген жери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Жашы жетип калса да (бери болгондо элүү беште болор) кең дөөлөттүн аркасын-да, али карылыкка толук моюн суна койбогондугу көрүнүп турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эми ары жагында деле, айта коёрдук неме жок, конокторго табак тартылгандан кийин, мага бир кескен карын, бир түйүм ичеги, моюндун бир омурткасы тийгенин гана бир билдим.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Музоосун багуу да биздин моюнубузда.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мына мында бир моюну күрсүйгөн күрөң бука жердин астынан унчуккандай алда кайдан күңгүрөнүп келип, боштондукка семирип, жерди челип, күчтүү буту менен топуракты жонунан алыс чапчып ыргытып турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— деп эшегин моюнга бир салып алып жүрүп кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →