морт
- Оңой сынма, тез сына турган бекем эмес, чорт сына турган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Андан алып иштетсек, / Сууга чылап таштасак, / Бет өзгөрүп кирдебейт, / Ийилет, сынбайт морт кетип, / Чапсаң тайбайт таш кесип, / Бетине жукпайт кан калып, / Чопого кырк күн таштасак, / Өңүнөн азбайт дат басып, / Үч түрдүү сырын көрсөтүп – / Отту койду…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чоптор өтүк такасы, / Чойулуп Алмаң тепкени, / Чортоңдогон Карагул, / Бет алдынан кеткени, / Боконо сөөгү морт кетип, / Богу көттөн шорт кетип, / Кабыргасы карс этип, / Кара оозунан кан кетип, / Жер кучактап жыгылды, / Отко башы тыгылды, / — Көтөргүн, — деп, - башыңды - / Көй кашкалар жыйылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →