мор
- Очоктун, мештин кирпичтен же топурактан жасалган түтүн чыгаруучу түтүгү.
- Түтүн чыгуучу тешиги тамдын төбөсүнө чейин көңдөйлөтө дубалдын бооруна кошо салынган очок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күнгөйүң четин, табылгы, / Төө куйрук, арча – баарысы, / Аралап чыгып ичиңе, / Аркар оту дарысы, / Кайыңдар көккө керилип, / Мор байлап талың ийилип, / Тескейиңде карагай, / Койкойуп кыздай жарашып, / Бой сунуп кырдан карашып, / Кандай сонун жердир, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Керменбай айтып басылды, / Баатыр Гүлүс эрендин, / Тамагы эми ачылды: / — Таалайыңа, Керменбай, / Талап кылган уулуңар, / Мөр байлаган тал болду, / Сууда жүргөн сал болду, / Таластан азып баргандар, / Жетисууда мар болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бакайдын уулу Байтайлак, / Он мөрүгө ок тийип, / Балтасы тушту колунан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Оозун ачтың жумшатып, / Мор байлаган жаранын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →