мончокто

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Мончок сыяктанып, мончоктой болуп көрүнүү, мончоктой болуп бөлүнүп чыгуу (мис., тер, көз жаш).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кубатайдын соорудан, / Ырыскандын карчыттан, / Кандары чыкты мончоктоп, / Канткенде булар туралсын, / Кайрат кылбай эр токтоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Маңдайынан мончоктоп, / Таноосунан тер чыгат, / Такоолуу болчуу Медеркан, / Тартынбай анда кеп кылат: / — Сен экөөбүз курбалдаш, / Кеп жашырбас чоң сырдаш, / Эчтемеге бышпаган, / Чатакка калды курган баш! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кыраандын көөнү бузулуп, / Кызыл жүзү кубулуп, / Атынан түшүп Алмамбет, / Армандуу жүрөк элжиреп, / Көзүндө жашы мончоктоп, / Эриндери эбиреп, / Арыштай басып алыптыр, / Алдынан тосо барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Мончоктотуп жашын төгүп-төгүп жиберип кайтып сүртүп алып мага жалдырап: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Чыныбек тайлак болуп муңканып, эки көзүнүн жашын мончоктотуп төгүп, боздоп турду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →