мончок
- Жаркырап турган асыл таштан, айнектен ж.б. ар түрдүү формада жасалган ортосу көзөнөк, аялдар жипке тизип алып кооздук катарында тагынуучу жасалга жана анын айрым бүртүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Молдолордун Бекбача, / Аса тайак колунда, / Түрдөп тизген мончоктон, / Миңден теспе мойнунда, / Колунда жүздөн мончогу, / Унутпагын ошону, / Улук билет калганда, / Карга, кузгун жоруну, / Эл башкарган эрлерин, / Башында кийген бөркү бар, / Кочкор мүйүз көркү бар, / Менсептерин болжолдоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көкөй менин катыным, / Жаш балага жагынып, / Жалтылдак мончок тагынып, / Көөнүн бузду ал бетбак, / Жашырбай айтып баары ишти, / Алдыңа келдим ушул чак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ (Кары-жашы аралаш, / Карап турат баарысы, / Гүлчорону кучактап, / Гүлүстөн, абаң Семетей, / Көзүнөн кетет мончок жаш) / Тууганга чыгат тууган кас, / Карынын кебин албаган, / Жакшы болбойт ошол жаш, / Жыгылганым билемин, / Эми көрдүм силерди, / Орто жерде кандай иш, / Не б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Суудан сүйрөп калды эле, / Өйүзгө кыздын баарысы, / Жар башында жалдырап, / Чач мончогу шалдырап, / Айчүрөктөн кеп сурап, / Айта койчу деп сурап: / — Семетей деген ушул бу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Хан аябай кубанып, баланы мончого түшүрүүгө буйрук берип, андан кийин жакшылап кийинтип, тамакка тойдуруп, анан кооз жасалган бөлмөгө жаткыртып койду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →