момура

китептерде 5 жолу
  1. Жоош болуу, бир калыпта, шоктонбой тынч мемиреген абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бул момураган бир жумшак түн эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жымжырттык баскан момураган жумшак түн. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жайкы момураган коңур кеч. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Өзүн карасам: чапанынын оң колтугу менен этеги жыртык, жапырайган жаман тебетейи бар, маңы жапыз, сөзгө жарды, жанга жазыгы жок момураган бир бечара. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Айлана көшүгөндөй момурап жымжырт тартып турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →