моминт
- Мына минт деген сөздөрдүн биригип кеткен формасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жабыр тартып жан кыйнап, / Тобурчак чалыш ат жыйнаш, / Азаматтан эр жыйнап, / Эртеден-кечке жан кыйнап, / Эмгек тартыш моминтип, / Намыс үчүн баарысы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бир миң колу карарды, / Баш-айагы моминтип, / Он эки түмөн тайады!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Байкап турса Айчүрөк, / Чолпон кызды Гүлнар кыз, / Эрдин тиштеп көз кысып, / Басып койду моминтип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Балаңдын аты Сейитек, / Кызыр койгон атты, — деп, / Он экиге чыкканда, / Таласты кайта тапты, деп, / Чачылып кеткен кыргызды, / Чогултуп кайра бакты, — деп, / Көзүң тийип кетээр, — деп, / Эр Гүлчоро моминтип, / Кучактап уулун алганда, / Көзүнө жоолук басты эле, / Эзилип бойу абаңдын, / Сызып тери акты эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Баатырлар жүрсө моминтип, / Кытай, кыргыз эки журт, / Каны агып чубурар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →