молтоңдо

китептерде 5 жолу, 5 китепте
  1. Молтоң-молтоң этүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жубандар басып бурлып, / Айдай бети нурланып, / Бир эли кундуз жээктүү, / Белдемчи жерде чубалып, / Келиндер жүрөт молтоңдоп, / Алмадай эмчек томолок, / Кээ бир жазгак жаш балдар, / Кеп айталбай жоголот. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Медеркандан келдим, деп, / Согумга семиз бергин, деп, / Койчуң барат коржоңдоп, / Боз улан барат молтоңдоп, / Айтканын такыр беребиз, / Беш урук элде биз колдоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кескелдирик молтоңдоп, / Төө куштары койкоңдоп, / Куу чаар болуп таш бака, / Түк окшобойт башкага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Жейрен келет сербеңдеп, / Кулжалары дердеңдеп; / Бугулар келет тарбаңдап, / Таноолору барбаңдап, / Алтымыш айры мүйүзү, / Ала бакан каркаңдап; / Эликтер келет молтоңдоп, / Төөкийик келет колтоңдоп, / Пилдер келет томпоңдоп, / Куйруктары чолтоңдоп; / Жолборс келет суналып, / Илбирс келет чубалып, / Шери келет чакчаңдап, / Айуул… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сары эшек, киле - кансоргуч, / Чаначтай карды тойушуп, / Капчыгы чыгып кампайып, / Семирип тумсак булкуйуп, / Азыткы менен албарсты, / Азык буга көп болуп, / Арсаңдашып күлүшүп, / Жүгүрүп төө куш коржоңдоп, / Батмачык жүрөт молтоңдоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →