молтой

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Абдан кыска кесилген, түп жагы эле калган көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кулагын кесип кай бирөөн, / Мулук кылды молтойтуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сакалы жок молтойгон, / Сүзөгөн кара букадай, / Оройу суук киши экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Төөлөрү жатат өтөктө, / Өркөчтөрүн койкойтуп, / Ээрчитип жүрөт тайлагын, / Аркасында молтойтуп, / Киши жок үйдүн түрү суук, / Кире албай койдук биз коркуп, / Тирүү неме калбаптыр, / Азык алса алгандыр, / Буйумдан неме албаптыр, / Киришкенде биз тойго, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Пилдери турат томпойуп, / Момолой чуркап молтойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кары болот какчаңдап, / Жинди болот чакчаңдап, / Айуу болот саксаңдап, / Туман салат осуруп, / Туруп калат молтойуп, / Караңгы токой чер кылат, / Каптаган кыйан сел кылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →