молой

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Кулагынан ажыроо же бутак, бүрүнөн ж. б. ажыроо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ймелген, / Сүйрөлүп жерге чиймелген, / Ичегиси чубалып, / Каны качып кубарып, / Антип жүргөн андан көп; / Колу сынып чолойуп, / Көзү чыгып олойуп, / Кулагы жок молойуп, / Денеден каны чубуруп, / Кыпкызыл канга бойолуп, / Буту сынык сыйраңдап, / Жанбашы сынык кыйраңдап, / Бели сынык буйраңдап, / Бул түрдөгү мындан көп; / Корку… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Болбосо Калдык кулагын, / Кесип алган молойтуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Агыны катуу корум таш, / Алты жерден айрылды, / Казандай болгон кайран баш, / Бир колу сынып коройду, / Бир буту сынып чолойду, / Тору ат тиштеп тартканда, / Үзүлүп кетип кулагы, / Башы сонун молойду, / Колу менен буту жок, / Кулагы жок молойуп, / Бүткөн бойдо бүтүн жок, / Түшүп кетти кудукка, / Өтө терең түбү жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ан, / Эс-акылы жоголуп, / Чукуп алган немедей, / Көзү кайнап олойуп, / Ат байлоочу казыктай, / Мурду чыгып коройуп, / Калдайган кулак бүрүшүп, / Мышыктан бетер молойуп, / Узун колу кыскарып, / Калгандай сынып чолойуп, / Тактасында кулуйуп: / “Кайдан келип ушул кыз, / Калды мага жолугуп? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кыштын күнү болгондо, / Үшүк алып молойуп, / Кол-буту чолок болсун деп, / Калың чапан кийгизбейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →