молдо

китептерде 109 жолу, 10 китепте
  1. Эл арасында мусулман динин таратуучу жана үгүттөөчү, шарият айтып, ооруган кишини окуп, дем салуу менен кесип кылган дин адамы.
  2. Октябрь революциясынан мурда мусулман (дин) мектебинде окуган, арабча кат-сабаттуу адам.
  3. өт. Жоош, момун.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Билейин абдан муну” — деп, / Өзү молдо Медеркан, / “Чигитей” деп кагазга, / Жети жерге чийди эле, / Эзип туруп суу менен, / Тамызып аны оозуна, / Ичирип аны ийди эле, / Алкымдан өтүп болгунча, / Өңүнө кызыл кирди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алакеңдин жанына, / Ашыгып Серек келгени, / Эмгичекти элдерге, / Айтылып калды эрмеги: / — Баш кишибиз Алмамбет, / Мен айтамын саа бир кеп, / Молдоңо айтып көрүңчү, / Катыңды окуп кара, деп, / Чакырып алып молдосун, / Катчы болгон жолдошун: / — Байматтын санын оку, — деп, / Болбосун жаздым кокус, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үстү ачылбай быжылдап, / Куран окуп молдолор, / Үн салышып кожулдап, / Кеп салышкан андан көп, / Топ-топ болуп божулдап, / Күмбөздүн келип оозуна, / Каныкей, Бакай, Семетей, / Хан Сейтек, Гүлүстөн, / Катар бешөө олтурат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Катты окуучу молдосун, / Жанындагы жолдошун, / Ээрчитип чыгып ээнге, / Бекинип барып олтуруп, / Улам-улам окутуп, / Абдан катка канганда, / Канчоро кебин укканда, / Кат жаздырып молдого, / Кат алпарган жансызды, / Кайта салды тез жолго. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мындай кепти көбүнчө Мамирмазинден болбосо мында келген өзүндөй эшендерден, молдо, сопулардын сүйлөшүп отурганда чет бучкактап угуп калабыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →