моко
- Курч болбой калуу, мизи кайтуу.
- өт. Мурдагыдай өтүмдүү болбой калуу, батымсыз, жалтак болуп калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сейтектен Кененим, / Күн батышка бир барып, / Жети дөөнү жоготту, / Баш булгатпай батышты, / Жүрөк курчун мокотту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Талкаланып таштары, / Шамалга учсун кум болуп, / Баш көтөрбөй жоголсун, / Баары кыргыз кул болуп” / Ойу менен Саламат, / Таласты болду жоготуп, / Кыргызды алды колотуп, / Эр сайыштан эгешип, / Найзанын курчун мокотуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Каңгайдан келди канчасы, / Алп Коңурбай калчасы, / Манжу, солон, шибеден, / Кара кытай элинен, / Келген экен мынчасы, / Келгенден элди кекетти, / Кетирип курчту мокотту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жакшы кылбай бул ишти, / Болоттун мизин мокоттуң, / Жайдарым Алмам, айтканың, / Билбегендей турасың, / Жаныма менин батканын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өнөрүмдүн барысын, / Өзү Сейит жоготту, / Кайратымды качырып, / Болот тишин мокотту, / Теңдигимди кетирип, / Деги мени колотту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →