мойнок
- Малдын жана кийиктин моюн териси.
- Төөнүн мойнунун ийри жери.
- Моюну ак ала болгон ит.
- Ийри өркөчтөнгөн белес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тарашанын таш мойнок, / Майторуну кындыйтып, / Сырнайзаны зыңкыйтып, / Асыл турат күркүрөп, / Анча-мынча кишинин, / Сийдиги агып бүркүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жол бойуна жарам, деп, / Атына камчы басканы, / Кайран Жоодар шашканы, / Кылкараны койгулап, / Сойодой болуп качканы, / Кош кезек деген Мойнокту, / Катары менен ашканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Таш мойноктун кезеңге, / Айкөл Манас, зор Бакай, / Чыгып белден караса, / Каркыранын жери кең, / Кара курттай быжылдап, / Түркүм-түркүм нечен эл: / Орто жери ойулуп, / Төрт …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Басып түштү Кеңколго, / Басалек мойнок бел ашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Береги күрөндүдө кечтен бери таарынган эмедей букуюп, ала мойнок ит жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →