мойно

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Колдон чыгып кетүү, жулуп кетүү.
  2. Макул болбоо, каршылык кылуу, моюн бербөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…саң мал алып, / Катарлаган нар алып, / Карк алтындан мол алып, / Канаат кылып кайткын» деп, / Кангара какшап кан безет, / Калган журт айтса канча кеп, / Болбой мойноп Шермат хан, / Балбандарын жиберип, / Баш кишисин карматып, / Бар кордукту салганда, / Иракка Иран кошулуп / Кызыл кан агып жошулуп, / Кыйын болгон кезинде, / Ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Болбой, тажик мойносоң, / Мойнуңду толгоп болбосоң, / Эми эле табам эбиңди, / Сындырамын белиңди, / Зыркыратам элиңди, / Жок кыламын арыңды, / Бош кыламын шаарыңды, / Калмак, тажик чогултуп, / Түгөтөмүн баарыңды, / Бул дүйнөндөн көз жумсаң, / Кимге айтасың зарыңды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Улугу адил болсо ошол жерде текшерип көрсүн,— деп мойноп, көнбөй койгон. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →