моймолжу
- Көзү коюлуп адамды өзүнө тарткандай сүйкүмдүү, мээримдүү кароо, тиктөө, жалжылдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыйаздан Чүрөк кеп угуп, / Өзүң билгин деп угуп, / Басып бара жатканда, / Жанашып Кыйаз артынан, / Кубулмалуу Чүрөктүн, / Койнуна колун салыптыр, / Албарсты сасык билдирбей, / Чүрөк болуп моймолжуп, / Бой жасап тура калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кырк бир жолдун кошкондо, / Кырка-кырка сарай бар, / Караса көздү уйалтып, / Жылтырап турат сарайлар, / Моймолжуган кыздар бар, / Мөлтүр кашка суулар бар, / Аскан сүрөт жаны жок, / Кызды көрүп азаарсың, / Ошону табам деп жүрүп, / Мээнеттүү жолду басарсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сулуу кыз турса моймолжуп, / Суук колдон сулууну, / Сууруп албай соо койуп, / Качан душман күч келсе, / Куткарып келген бүт элди, / Кыргыздар келип туу болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →