моймол
- Сулуу, көздөрү адамды тартып, көздөрү өзгөчө сулуулук тартуулап турган селки, жаш келин.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргый сөөк, кымча бел, / Мөлтүр сулуу, моймол көз, / Ээрди жука, таттуу сөз, / Эрмекке сулуу кыз алып, / Сүйбөйт беле Чигитей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сыртына кайкы моймол көз, / Күйүмдүү эрке көрүнөт, / Бар мүчөсү бир ыңгай, / Жумуру баштан кем эмес, / Караган киши кемтик таап, / Кемите турган кыз эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →