мисте

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Майда жаңгак сыяктуу мөмө берүүчү дарак же бадал өсүмдүк жана ушул өсүмдүктүн жемиши.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чайыңды бергин үч убак, / Этиңди бергин эки убак, / Күнү-түндүк тамагы, / Конокко бергин беш убак, / Дасторконуң жай болсун, / Чайга кошуп берериң, / Капакка салган бал болсун, / Каймакка бышкан нан болсун, / Куру токоч болбосун, / Мисте, мейиз, кант болсун, / Сүттөгөн чай, сары май, / Кеми жок болсун баарыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алтымыштан үй-үйгө, / Ирети менен киргизип, / Жайа бычып, жал керткен, / Казы-карта жылкы эттен, / Мисте, мейиз, жемиштен, / Сары кант, шекер, бал менен, / Тамагын жакшы беришкен, / Мурунку чыкса талаага, / Кийинкиси киришкен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мисте, мийан, азыткы, / Албарстысы кошулуп / Токтоно албай удургуп, / Түрү суук чоң Калча, / Көкала атка камчы уруп, / Оозунан түтүн буркурап, / Кан ичменин тукуму, / Чык бери деп кыйкырып, / Чымырканып чыңырып, / Көкала тулпар мингени, / Чабына батпай суурулуп, / Майданга келип бул турду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Төө куйрук арча чамалаш, / Койгондой кошуп аралаш, / Жапа өрүк жийдеси, / Алууча жаңгак мистеси, / Кызылчасы кыйырында, / Кыйын көрдү бул жерди, / Кыз Чүрөк сулуу чынында, / Тескейинин баарысы, / Жайкалган шибер ыраңы, / Тоо бөксөдөн өткөндө, / Карагай толкуп буралды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →