мискин

китептерде 15 жолу, 4 китепте
  1. Бей-бечара, байкуш, карып, тентиген, жайсыз адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аты менен перилер, / Килемге салып көтөрүп, / Ачып көздү жумгуча, / Рапы Мискин шаарынан, / Көйкапка кетти өткөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өзү билги билүүчү, / Кайда болсо кетүүчү, / Калдайтып калың мал айдап, / Кай бир кезде келүүчү, / Жалчы-жакыр, мискинге, / Олжомду ал, деп берүүчү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алтыны кумдай чачылып, / Казына оозу ачылып, / Карып, жалчы, мискиндер, / Миң койлук оокат табышып, / Койун-кончко каткан бар, / Чөнтөгүнөн ашырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бар жерине Бейжиндин, / Жапа жемиш чыгат дейт, / Барган киши кумардан, / Баары ачылып канат дейт, / Жер байлыгы ошондой, / Карып бакыр, мискиндер, / Эптеп оокат табат дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Башынан алтын чачтырды, / Карып, мискин, начарлар, / Карк алтынга көмүлдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →