мисирей
- Суз, томсоргон, кекирейген көрүнүштө, кебетеде болуу.
- Мизилдеген, тасырайган көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— Капыр, ырымың кургур, жаңкы, мисирейген кемпири качан болсо чыныга куят,— деп келишчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Карпыктын мисирейген, май жукпас, жылаан көз келини менин келишимди гана күтүп тургандай, үйгө жаңы кире бергенде:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →