мисир
- Жыргал, жакшы жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыйалыма бүккөнмүн, / Кызы талак Отордун, / Жекеге чыкса эрдемсип, / Кесип башын аларда, / Чыгыш менен батыштан / Түштүктөгү Индыстан, / Чогулушту он үч хан, / Жамандык келбейт биздерге, / Иран менен Арактан, / Мисир менен Басыра, / Бизге жакын чынында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кудуска барсам батырбайт, / Бир күнү менижашырбайт, / Багдатка барсам батпасам, / Мисирге кирсем кондурбайт, / Дегеле мени оңдурбайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, / Маңгыт, маңгул бир тууган, / Кара калпак, түркмөндү, / Ээлеп маңгыт эл турган, / Бадыкүл деп эр тууган, / Элге салган чуулган, / Коросон, Кыйба, Жедигер, / Мисир, Багдат, Урумга, / Койбой малын кууп алган, / Малы тургай батышта, / Арысы түштүк жагына, / Сулуу кыз койбой жыйнаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Абу Назыр Замандан, / Мисирден калап алдырган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Сени антип жүрсө, Мисир падышасынын Зыйфырым деген атагы чыккан кызы бар, күйөөңдү ошого барып кел деп жумша, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →