мисал

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Кандайдыр бир нерсени аныктоо, далилдөө үчүн алынган жекече учур, далил, үлгү.
  2. Сыяктуу, окшош.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сен куу баласын учурсаң, ханым, / Мен куу ылачын шилтермин, ханым, / Кара ылаачын менде бар ханым, / Каз баласы сенде бар ханым, / Сен каз баласын учурсаң ханым, / Мен кара ылаачын шилтеймин, ханым, / Мисалдуу айткан сөздөрдүн, / Маанисин билди Карахан, / Атактуу айкөл Манастын, / Аларын билди Карахан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Өзү жайлоо мисалдуу жер. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →