минт

китептерде 230 жолу, 10 китепте
  1. Мына ушундай кылуу, мына ушундай иштөө.
  2. Кандайдыр бир кыймыл-аракетти же иштин натыйжасын көрсөтүп, ошого шилтөө катарында колдонулат.
  3. Деп айтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

деп, / Кытайдан келген кызталак, / “Жалгыз кыргыз эл бузуп, / Кошуундун чети кол тарап, / Мына минтип жүргөндө, / Кандай киши жоону алат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Каңгайга барсам табамын, / Ким үчүн минтип калганым, / Өктө кылып айтамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Кара мүртөз кан ичме”, / Деп айтууга эп келбейт, / Минтип турган Манасты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куйуктуруп Кулунуң, / Кууп алып жылкыңды, / Кумардан минтип чыкпасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Балдарым, мен бир түш көрдүм, түшүмдө бир булбул үнүн мукам-мукам чыгарып укмуш сайрады, мен ошол булбулга ашык болуп, ашыктыктанн ооруп, минтип төшөктө жатамын, булбулду мага кимиң алып келип бересиңер? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →