милте
- Дүрмөткө от коюу үчүн колдонулуучу эшилген кебез; бир нерсени жаруу үчүн коюлган, салынган жарылгыч затка от жеткирүүчү ичке жип.
- Бир нерсенин четине же тигишине кошуп тигилүүчү ичке чүпүрөк.
- Чырактын билиги.
- Мылтыктын окдарысын салган баштык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мылтык алды, жаа алды, / Мылтык алып тарсылдап, / Жебе тартып зыркырап, / Салмоордун ташы чыркырап, / Асманга учуп топурак, / Милтенин баары кызыл чок, / Боздоп учат аткан ок, / Жандан тойуп кыргыздар, / Баарысында жан-ман жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бир тактайын басканда, / Бир миң мылтык атылат, / Милте күйүп ок учат, / Үн угулуп тарсылдап; / Эки тактай басканда, / Жолборс, шерлер качырат, / Азуулары качырап, / Дөөлөр чыгат артынан, / Көзүнөн жалын чачырап; / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…бул элге, / Алмамбеттин алма баш, / Жулуп алды ийнинен, / Алмамбеттин иштерин, / Алладан башка ким билген, / Ичинде дүрмөт-огу бар, / Милтеде кызыл чогу бар, / Милтесинен чок жетти, / Атылып мылтык ок кетти, / Шоркөлдүн ичи сок этти, / Тактасында Тапан хан, / Жүрөгү ыргып болк этти, / Асман тиреп дүрүлдөп, / Күйгөн жалын жок бол…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тоо бөксөлөр кайран эр, / Айбат кылып жаа тартып, / Милте чоктоп ок атып, / Бир бул жерден көрүнүп, / Бир ал жерден көрүнүп, / Амал менен урушуп, / Жүрүптүр байкуш жулушуп, / Семетейди Карадөө, / Мурун көрүп Сартбайдан, / Арманым жок өлсөм, деп, / Ат койуп жөнөп алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ак милтенин чогу урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →