милдеттүү
- Сөзсүз аткарылуучу, милдет болуп жүктөлгөн, милдеттендирилген.
- Бирөөнүн же бир нерсенин аркасы менен жетишкендиги үчүн милдеткер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мал аламын булардан, / Кытайдан келген Тобуке, / Тартуу кылып тартарга, / Бар милдеттүү жумушту, / Бул экөөнө артарга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Падыша өкмөтү буларды ар кайсы болуштан милдеттүү кылып жыйнап алган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →