милдет

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Сөзсүз аткарууга тийиш болгон, адамдын мойнундагы иш, жоопкерчилик.
  2. Бир нерсеге жетүү үчүн болгон далалат, аракет, алдыга коюлган максат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эки күнү, бир түнү, / Эрмектешип үч күнү, / Чыгалы бүгүн ууга, деп, / Алты жүз киши оогандык, / Отуз киши Шоорук хан, / Баарына бирден милдетти, / Паланды таап келгин, деп, / Ой-тоону карай тараткан, / Эрмектешип чатырда, / Козголбой эки хан жаткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
түшүрүп, / Бирин бири алган жок, / Ойлогон ишин бүтүрүп, / Жай- жайына жанышты, / Аңгычакты кеч кирип, / Жесекчилер жер сактап, / Кайгуулчу, изчи – баарысы, / Милдеттерин алышты, / Агарып таңдын атышы, / Коросон, испан элдери, / Аттанып чыкты болжолу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тоодон улуу иш кылсаң, / Ашырганың эл билбейт, / Эр өлтүрсөң, кан төксөң, / Жашырганың эл билбейт, / Суудан терең милдет ал, / Кечиргениң жан билбейт, / Жамандыкка жакшылык, / Келтиргенин жан билбейт, / Айдаркандын Көкчөдөй, / Алтымышын көзгө илбейт, - / Далай Эркеч өткөрдү, / Ал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Көрбөсөң ыраак алты айды, / Берсеңиз бизге милдет деп, / Камынсын сулуу Айчүрөк, / Калтырбай бүтүн камын жеп, / Тилегин кабыл кылаарсыз, / Алты айлыкка макул деп”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Көтөрбөскө чара жок, / Падышанын милдетин / Бу дүнүйө жалганың, / Ичимде көп арманым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →