миз
- Бычак, кылыч, канжар сыяктуу нерселердин курч жагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…алы, / Ортосунда от күйүп, / Айкырган үнү угулуп, / Ачып көздү жумганча, / Канчалап найза урулуп, / Найзанын учу түйрүлүп, / Балтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененимдин өткүр миз, / Өкүм болот найзасы, / Кабылдай сайды соотту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Айлына түштү бай Жакып, / Айдап жылкы келе албай, / Улам оозун карманып: / — Олжо бергин, соога, — деп, / Кыргыз турса суранып, / Оорагым чыгат эле, — деп, / Чыгармак тургай оорагым, / “Чылбырына тийбе” – деп, / Мизимди менин жандырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оң айланып сол болуп, / Ойлогону бул болуп, / Сырты калың өткүр миз, / Сомдоп соккон ай балта, / Балтаны алып кемерден: / “Чаптырбай койсоң билбейим, / Чаптырып салсаң, Кутургур, / Кара жерге киргизем, / Кактабай каның ичпесем, / Соогага алып сур атты, / Сейитекке жетпесем!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жаш балдарды кылычтын мизинде, найзанын учунда ойнотот.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →