меңсиз
- өт. Тагы жок, карасы жок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…нуң карап тургун, — деп, / Коржоңдогон Дабытай, / Кара бойу мунардай, / Колу-буту чынардай, / Узун бойлуу кең далы, / Эмикинин балбаны, / Өтө сулуу кызталак, / Меңсиз бети апаппак, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Баатырлык сыны таанылат, / Сары кирпик, жалтыр көз, / Шыңга бойлуу кагалес, / Өтө кыйын чабандес, / Жүрөгүндө кара жо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ачтырып алып кош болбой, / Артып ташты жүктөсө, / Ошончо салып азапты, / Менсиз өзү Сейити, / Сенин каның кечпесе, / Ээрчитип келип эки кул, / Атаңдын эки сулуусун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →