метонимия
- адаб. Бир нерсенин атын мейкиндик (орун), мезгил жактан катышына карай экинчи түшүнүктүн ордуна колдонуу. мис., эки аяк ичти (чынында аякты ичкен жок, аяктын ичиндегини – сүт, жарма, ботко ж.б. ичти).
- адаб. Нерсенин же кишинин аты башка нерсе же буюмдун ордуна колдонулат.
- адаб. Автордун наамы менен чыгармасы туюнтулат.
- адаб. Нерсе ал материал менен алмашылат.
- адаб. Бир нерсенин аракети жана анын натыйжасы ушул аракеттин ишке ашыруучу нерсенин атына көчүрүлөт.
- адаб. Белгилүү бир жердеги кишилердин ордуна ал жашаган жер аталат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.