месел
- Макал-ылакап каймана сөз менен айтылган акыл-насаат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жүз калмакка талаада, / Бекер өлүм табылды, / Ушундай жерде акынга, / Бирден месел табылды: / “Кишиге оро көөлөсө, / Өзү түшөт” деген кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кеп табуучу чечени, / Куйуп айтчу меселчи, / Укмуш кулак калбасын, / Бул иретки тойума, / Баары келип жардасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ “Куру кайрат башты айрат” / Байыркынын месели, / Бизге мурас калтырган, / Өткөн элдин чечени, / Кайрат кылып Калдуубет, / Желегин жерге жасдады, / Бу да сайып таштады, / Келген аскер токтолду, / Кетер жолу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →