мергенчи
- Мылтык менен аңчылык кылган адам, мерген.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрүп туруп Гүлчоро, / Колун булгап чакырды: / “Кел бери, — деп — чакырса”, — / Бечара байкуш мергенчи, / Жүгүргөнчө шашылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Буга мергенчилерин алдыга салып, эркек аттуунун баары кеткен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Аң уулап жолу болбой келаткан мергенчилер ийинди көрүп, капкан салып койсо, карышкыр түшүп калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Чал мергенчи да комузчу да экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →