мерген
- Мылтык менен уучулук кылган адам.
- Таамай жазбай атуучу адам.
- Мергенчилик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Келген элдин ичинде, / Найза сайар мыктуу бар, / Балта чабар ыктуу бар, / Чокмор менен шыктуу бар, / Мылтык аткан мерген бар, / Жаага огун керген бар, / Сойулга андес тыңдуу бар, / Билеги жоон балбан бар, / Бири онду жеңген бар, / Ала көөдөн дардаң бар, / Ар бир кылда адам бар, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жөө чыкканга жойкума – / Болутум бар колумда, / Мергениңе, Дабытай, / Аленгир жаа, сур жебе, / Асынып турам жонумда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кулдарга атын береби, / Колчоктоп өзү минбейби, / Аттын изин төтөлөп, / Ал Манас кууп келбейби, / Кимдер издеп табалат, / Уулум сендей мергенди, / Тосуп туруп атып сал, / Башын кесип алалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каңгайдан чыккан мергендин, / Аты экен Эртике.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жагалым көзгө атар мерген экен, күнүгө кийикке чыгып, үйүн майга толтурат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →