мент2

китептерде 17 жолу, 6 китепте мент 1 →
  1. сүйл. Милиционер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күчтүү урган Сырнайза / Ар жаккы такыр колтуктан, / Кылтайып үчү чыкканы, / Мыктысынган шүмшүк кул, / Жер кучактап жатканы, / Беттешкенин мент кылып, / Жоомартты жерге жастады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыр көрсөтүп биздерге, / Жакшылык жактын шеги жок, / Жамандык жагын издерге, / Беттешкенин мент кылып, / Алып келди бул кезге, / Касташканын капшырып, / Басып келди бул кезге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Он балбандын бири эле, / Мунар атын дээр эле, / Минген аты Темиркөк, / Түрсайак атым дечү эле, / Тоодой болуп минчү эле, / Толгошоор билек кез келсе, / Токтоо кылбай кирчү эле, / Беттешкенин мент кылып, / Ыргыта сайып жүрчү эле, / Өз ичинде таанымал, / Кангайлар сырын билчү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Беттешкенин мент кылган, / Белдүү баатыр Көкбука, / Балта менен башка чаап, / Сугаты канды кызыл кум, / Шукшурманын канына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Мингени буудан секирип, / Мелжелдүү баатыр чоң Солто, / Качырып кирди мекийип, / Ирмебей кирпик тиктеген, / Ач бөрүдөй чекийип, / Түрө тиктеп астырттан, / Бет келгенде бул Солто, / Мент кылып келген баштатан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →