менменсин
- Бой көтөрүү, пейил күтүү, кекирейүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н чакырып, / Беш кишини бетке алып, / Ирмебей көзүн тиктеди, / Беттеп сайып бешөөнү, / Өлтүрө сайып үчөөнү, / Чала өлүк кылып экөөнү, / Минтип шорун катырды, / Менменсинген бешөөнү, / Тажик менен калмактан, / Өлүп кетти сегизи.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сыргактан найза жеткенде, / Менменсинген ал Кежи, / Топо тиштеп торойду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…рдин чоң Жолой, / Манжулардын Нескара, / Кечилдердин Коңурбай, / Кеңешкордон жетөө бар, / Келип кирди ушулар, / Улам-улам эл келди, / Үрпөк баштуу туу келди, / Менменсинген эрендер, / Калбай баары бүт келди, / Аманат жанга күч келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мелжебей бенде өтөбү, / Менменсинген ушундан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Эр Гүлчоро караса, / Алп Жамгырчы жетелек, / Ойунда Гүлүс сүйүнүп, / “Атакем колдоп кетти — деп, / Менменсинген Жубатай, / Жерге башы жетти — деп, / Жетпегенде нетти” — деп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →