менен2

китептерде 7888 жолу, 10 китепте менен 1 →
  1. Бир өңчөй мүчөлөрдү байланыштыруу үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Алтымыш бирде жашым дейт, / Аксакалдуу карынын, / Айтаары ушул болбойбу, / Күбүр-шыбыр кеп менен, / Жүрүп кетти кыргыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Анда Жакып муну айтат: / — Алооке менен Кедеңдей, / Каалап алып бергендей, / Кайсы менин уулум бар? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Алты күн өткөн кездерде, / Канчоро менен Чачыкени, / Алып келер мезгилде, / Ордо башы Сетертай, / Асталай басып жетти эле, / Азыркысын коргондо, / Иш башкарган Керменбай, / Айтып турат Сетертай: / — Э… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Баласы менен тоодон отун жүктөшүп келчүмүн, тегирменге барып ун салчубуз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
"Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт", – деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →