мемире
- Көшүгөн, каалгыган тынч абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мемиреп кыргыз калыптыр, / Же болбосо төрөсү, / Бекбача мында жеткенби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мемиреп бойу эриди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ңдин, / Кулактары шырылдап, / Чымын кирип алгандай, / Чың-чың этип чыңылдап, / Көзүнүн жээги ачышып, / Тилинин түбү кычышып, / Эт жүрөгү элбиреп, / Бүткөн бойу мемиреп, / Чолпондой көзү жарк этип, / Кулагы угуп шарк этип, / Асманды тиктеп көз бардап, / Жерди карап алаңдап, / Амансыңбы, аба, деп, / Зор Бакайды кучактап, / — Са…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Күн төбөдөн кыйшайып, / Эңкейип бара жатканда, / Заркарлуу баатыр чоң неме, / Салкын сууга барыптыр, / Салып бойун алыптыр, / Кайра чыгып шиберге, / Чалкалап жатып калыптыр, / Ажал жетти, күн бүттү, / Мейримдүү үйку жетти эми, / Мемиреп сүйкүм жагымдуу, / Мелтиреп уктап кетти эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ошонун жалгыз ооз сөзүн билбесем да, ысыкта мемиретип салган кайгылуу, заардуу, жетим обону менин жүрөгүмдү козгоп, анын мазмунун ошончодон жалгыз өзүм түшүнүп тургандай болом.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →