мелтире

китептерде 105 жолу, 10 китепте
  1. Мелмилдөө, мелтилдөө, учу-кыйырсыз көрүнүү.
  2. Көзүн ирмебей, же көз айырбай, унчукпаган, сөз катпаган абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мелтиреген көл калды, / Жарымы ачуу ичкисиз, / Жарымы таттуу балга окшош, / Аккан дайра суу калды, / Талкан чалган немедей, / Уйуп жаткан суу көрдү, / Жайы-кышы өчпөгөн, / Күйүп жаткан от көрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
деп, / Коркконунан кээ бирөө, / Көзүнөн жашы себелеп, / Күпүрлөгөн андан көп, / Медерканды жемелеп, / Медеркан атын укканда, / Мелтиреген кара көк, / Мелтиреп карап турбады, / Эшикти карай бет алып, / Бөлүнө койуп эл качып, / Эпчи жак менен эр жакка, / Эл бөлүндү жол ачып, / Тору аттын жетти жанына, / Төрө жолборс тү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…өр менен беттешкен, / Күч ортосун чектешкен, / Чепечеп шаанын шаары ошо, / Кытайга бери аралаш, / Айтылып калган кеп ошо; / Бир карасаң агарып, / Жайнап жаткан мелтиреп, / Мылтыкка дары ичер туз, / Кайнатып жаткан шор ошо; / Бир карасаң карарган, / Кургакка деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күлгүн тарткан кеп ошо; / Сал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мелтиреп абаң унчукпай, / Кылайып бир ооз кеп чыкпай, / Кайра тарткан кездерде, / Алмамбет уулу эр неме, / Тайбуурулду чылбырдан, / Таамай жетип алды эле, / Мамындай ке… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тиктебей көзү мелтиреп, / Каарын көргөн Коңурдун, / Акылын таппай темтиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →