мелтилде

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Суюктук мелт-калт өтө толтура болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…кыргызды, / Алоолонуп от күйүп, / Бир жагы Ала Тоо болуп, / Калдыраган муз көчүп, / Бир жагы кара зоо болуп, / Үнү сүрдүү таш кулап, / Жер жарылып жык чыгып, / Мелтилдеген көл болуп, / Турган жери кыргыздын, / Кара какыр чөл болуп, / Кыбыладан сурданып, / Булут чыгып бууланып, / Шамал болуп аркырап, / Бир жагынан закымдап, / Ысык… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мөңкөтай көзүн ачкынча, / Медеркан кирди аңгыча, / Медерканды бир карап, / Мелтилдеп көзү жалжылдап, / Баштагыдан беш бетер, / Титиреди калчылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бейжинге бардык көп эле, / Белдүү Кытай эл эле, / Беш Бейжин деп аталган, / Мелтилдеп жери кең эле, / Биз баруучу Айтумуш, / Угулбаган кеп эле, / Кабарын уксак, укпасак, / Каңгайга качан тең эле, / Чынын айтсак Кытайдын, / Кишиси жердин чөбү эле, / Кишини киши жейт десе, / Барбай койсок болобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…п кел бачым тамак, — деп, / Ашпазга буйруп жиберди: / Баатыр Мажик көтөрткөн, / Бал чайкаган кымыз бар, / Чагарак күмүш карк алтын, / Чарадай болгон айактар, / Мелтилдете куйушун, / Мемиреше сунушун, / Байкап туруп барың ук, / Баатырлардын жумушун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ең кишиге, / Өзүң ичип бер” деген, / Өткөндөрдүн кеби экен, / Бул айтканы эп экен, / Сапты айактап кымызын, / Каргыта жутуп жиберип, / Чаначтын оозун имерип, / Мелтилдете толтуруп, / Ичкин, балам, ичкин, деп, / Дембелеп бешти ичирип, / Курсактын ишин бүтүрүп, / Кардын сылап абышка, / Улутунуп үшкүрүп: / — Эми, балам, менден ук, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →