мелже

китептерде 31 жолу, 6 китепте
  1. Чамалоо, чектөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Үпчүлүгүн чечкени, / Мендер басып Чакмакташ, / Өлүм жакын жеткени, / Топчулугун чечкени, / Кууган жоосу Калдыктан, / Ажалынын жеткени, / Мелтирете шыкаалап, / Мелжеп жаткан хан Калдык, / Чакмакташтын абалын, / Чактап билди бар жайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эр Кененим жолборско, / Кенедей зыйан кылбады, / Кылычы жок кур болду, / Саранжага сыр болду, / Салтанаттуу Кененим, / Бел тушуна болжоду, / Мелжеп туруп бир койду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ойрон Чубак караса, / Мурадил мелжеп ыкыстап, / Кыйрынан жөнөп алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эңкейиште эр сайып, / Элүүнү беттеп бир сайып, / Мелжеп сайып он бештен, / Аңтара сайып отуздан, / Жүздү сайып жүдөтүп, / Миңди сайып бөлүнтүп, / Саны миңге толгондо, / Бирден оңко тургузуп, / Мелтиреген куу чөлгө, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аккелтеге ок салып, / Мелжеп карап жатыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →