мелдеш
- Балбандардын, баатырлардын алдуу-күчтүүлүгүн, аттын күлүктүгүн, ар кандай артыкчылыгын, чеберчилигин ж. б. көрсөтүү максатында мөрөй алуу үчүн, артыкчылыгын билдирүү үчүн болгон сынак, оюн.
- Жүзөгө ашкан же аша элек иштин аныгын билүү же жарышта артыкчылыгын көрсөтүү максатында бир нерсе сайып убадалашуу.
- Ар кандай ишти тез, ылдам бүтүрүү, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн күрөшүү, демилге көтөрүү, күрөшкө чыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Ушул мезгилде сарайынан бир эки короз мелдешкендей жарыша чакырып турду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Бир Тулпар меники, бир тулпар Алп кара куштуку болучу, экөөбүз мелдешип жарышканбыз, ал асманда учкан, мен жерде жүгүргөнмүн, ошондо Алп кара куштан мен чыгып, анын тулпарын утуп алганмын.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →